Бишкектиктер коомдук транспорттун кыймылын смартфондон көрө алышат. Жаңы долбоор

Диспетчердик пунктунан коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөгөн система азырынча тесттик режимде иштеп жатат. Болочокто мындай мүмкүнчүлүк шаардыктарга дагы жеткиликтүү болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы долбоор сунуштоодо. Анын жардамы менен шаардыктар смартфон аркылуу тигил же бул автобус менен троллейбустун каерде келе жатканын биле алышат.

Муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Автоматташтырылган диспетчердик башкармалык коомдук транспорттун иши боюнча презентациясын көрсөткөн.

Долбоор жеке менчик компания менен биргеликте ишке ашмакчы. Система азырынча тесттик режимде иштеп жатат. Ага шаардагы автобустар гана туташкан.

Мэриядан билдиришкендей, 22-сентябрдан тарта бардык муниципалдык автобустарга видео байкоо системасы менен GPS-навигатору туташтырылды.