Мэрия COVID-19дун экинчи толкунуна даярданып, стационарларды текшерүүдө

Бишкектин вице-мэри бүгүн үч стационарды текшерет. Буга чейин мэрия ооругандардын саны азайгандыктан убактылуу медициналык жайларды жапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы коронавирустун экинчи толкунунун башталуу коркунучуна байланыштуу күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Арча-Бешик конушунда жайгашкан "Газпром" спорт комплексин, Чокморов көчөсүндөгү №8 бала бакчасын жана профессор Зима көчөсүндөгү №81 мектептин базасындагы стационарга барат.

Жай айында вируска кабылгандардын саны өсүп кетип борбор калаада күндүзгү жана түнкү убактылуу стационарлар ачылган. Ооругандардын саны азайгандан кийин алар кайра жабылган.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Өкмөттүн маалыматына караганда, сентябрдын аягында эл массалык түрдө вируска кабыла баштайт деген божомолдор бар. Бийлик жарандар санитардык жана гигиеналык нормаларды сактабай жатканын белгилөөдө.

Бүгүнкү күндө республикада 45 542 адам коронавирус жана пневмонияга кабылды. Алардын 41 796сы сакайып кетсе, 1063ү көз жумду.