Бишкекте тынчтыкты даңазалаган футбол майрамы өттү. Сүрөттөр

Мелдеште 2010-2011-жылы туулган балдардан куралган 16 команда оюн талаасына чыгып, мөрөй талашты. Жалпысынан 40 беттеш өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Россиялык илим жана маданият борбору билдирди.

"Биз бүткүл дүйнөдөгү тынчтык үчүн" деген ураандын астында өткөрүлгөн мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жана Эл аралык тынчтык күнү салтанатынын алкагында өттү.

Жаш футболчуларды Россотрудничество федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефёдов, өкүлчүлүктүн жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваева, "Спартак Юниор" футболдук мектебинин директору Константин Шубин куттукташты.

FIFA футбол командаларынын рейтингин жаңылап, Кыргызстан бир сапка көтөрүлдү

Мелдеште 2010-2011-жылы туулган балдардан куралган 16 команда оюн талаасына чыгып, мөрөй талашты.

"2011-жылы туулган жаш футболчулар арасында "Дордой" командасы чемпион болду. "Азия Гол" командасы экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка "Илбирс" клубу чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Мелдеште "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу" аныкталып, белектер берилди. Дарбазачыларга сыйлыкты Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матьяш тапшырды.