Баткенде жуктургандар көп болууда. Коронавирус боюнча соңку статистика

Акыркы суткаларда өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны сакайгандардыкы менен барабар, ал тургай көбүрөөк болгон учурлар катталып келет. Бактыга жараша, өткөн суткада сакайгандар басымдуулук кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бир сутканын ичинде коронавирус илдетинен 104 адам айыгып, 55 кыргызстандык вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек шаары – 68;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 24.

Ушуну менен өлкөдө 41 682 бейтап коронавирусту жеңип чыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 25.

Пандемия башталгандан бери коронавирус илештирип алган кыргызстандыктардын саны 45 471ге жетти.

Балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

Аны менен катар кечээтен бери өлкө боюнча үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Ал эми 6 медик айыгып ооруканадан чыгарылды, үй карантининдеги 15 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда ак халатчандардын арасында 3 202 учур катталып, алардын ичинен 2 822си ооруну жеңе алган.

Өткөн суткада оорудан көз жумгандар болгон жок. Өлкөдө буга чейин COVID-19 илдетинен ажал тапкандардын саны 1 063тү түзөт.

Учурда 554 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, 1725 киши үй шартында дарыланууда.