Боронов Аравандагы эки партиянын жаңжалын тез арада иликтөөнү тапшырды

Окуя боюнча күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов ИИМге Ош облусунун Араван районундагы шайлоонун үгүт ишиндеги жаңжал боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошону менен катар ал күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды

Ал эми жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштаганы айтылат.

Белгилей кетсек, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. 10 жаран кармалып сурак берип жатат.