БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Россиянын сапат тутуму" коммерциялык эмес уюмунун (Роскачество) башчысынын орун басары Илья Лоевский SIM-карталардын блокко түшүп калышынын эң көп кездешкен себептери жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Анын билдиришинче, смартфон сигналды жакшы кабыл алган учурда деле чала албай жатсаңыз, SIM-карта бөгөттөлүп калган деп божомолдосо болот. Көбүнчө бул ээсинин паспортундагы маалыматтар менен оператор түзгөн келишимде көрсөтүлгөндөр дал келбегенден болот.
Адис канткенде телефондогу сүйлөшүүнү эч ким тыңшай албай каларын айтты
SIM-карта уурдалса же ээсине кабар бербестен кайрадан жасалып сатыкка чыгарып койгон учурда дагы оператор аны өчүрүп салат. Ошондой эле спамдар жөнөтүлгөндө дагы номер иштебей калат. Мындай учурда телефондун номери маркетинг үчүн колдонулуп жатат деп түшүнсө болот.
Лоевский уюлдук телефондун картасы алты айдан ашык колдонулбай калган учурда дагы иштебей каларын кошумчалаган.
Адис ушундай учурга туш болгон абоненттерге оператор менен башка номерден байланышып, SIM-картанын иштебей калышынын себебин билүүгө кеңеш берген. Номерди блоктон чыгаруу үчүн ал жакка паспорт менен барууга туура келиши мүмкүн. Эгерде оператор кызматташуудан баш тартып, кырдаалды түшүндүрбөсө, ага карата нааразычылык билдирип же сотко кайрылса болору кошумчаланды.