COVID жуктуруп алган Өзбекстандын вице-премьери каза болду

Маркум 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеген жетекчилик кызматта иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Маалыматты Бухара облусунун акмимчилиги тасыктаганы айтылат.

Барноев 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеп келген.

Вице-премьер июль айынын соңунда COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, ошондон бери жеке менчик клиникада дарыланып жаткан.

Өзбекстанда карантин жумшартылгандан бери COVID жуктургандар көбөйдү

Айрым тастыкталбаган маалыматка караганда, Барноев өлүмүнүн алдында Германиянын ооруканаларына да барып дарыланган.

19-сентябрь күнү кечинде алынган расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 50 872 адамга жетти. Анын ичинен 47 121 адам айыгып чыкты. Ал эми оорунун кесепетинен 425 адам каза болду.