Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды

Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

Штаб оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылганын кошумчалады.