Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды

Фотограф жаныбарларды атайын объективдин жардамы менен тартканын белгилеп, бирок сүрөт өлкөнүн кайсы жеринен жасалганын тактаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Америкалык фотограф-саякатчы Стивен Лиой Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды.

Ал жаныбарлардын сүрөтүн өзүнүн Twitter тармагынданы баракчасына чыгарган.

​"Кыргызстандын тоолорунда сейилдеп жүргөн илбирстерди көрөм деп ойлогон эмесмин. Быйылкы тизмемде мындай учурду пландаган да жок элем", — деп жазган кадрдын автору.

Ал жаныбарларды атайын объективдин жардамы менен тартканын белгилеп, бирок сүрөт өлкөнүн кайсы жеринен жасалганын тактаган эмес.

Нарындык чабандар торпокко тиш салган ак илбирсти кармашты. Сүрөт, видео

Стивен Лиой АКШнын түштүк штатындагы Луизиана штатында төрөлгөн, учурда Бишкекте жашайт. Ал саякатчы-фотограф болгондон тышкары жазат. Анын саякат тууралуу макалалары BBC Travel, onely Planet жана Американын аймактык басылмаларына чыккан.