Коронавирус аба аркылуу жуккан оору болгондуктан, күзүндө да адамдардын массалык түрдө ага кабылуу коркунучу турат. Себеби биз санитардык эрежелерге кайдыгер мамиле кылуудабыз. Бул тууралуу Рысгүл Чыналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты
Анын айтымында, адистер коронавирустун экинчи толкуну өлкөдө сасык тумоо менен кошо келиши мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат. Бул октябрь айынын соңуна туура келет.
"Дүйнө жүзү боюнча бул вирустун экинчи толкуну күтүлүп жатат. Айрым мамлекеттер учурда башынан өткөрүүдө. Кыргызстанда да күзгү сезондук грипп, сасык тумоо менен кошо вирус кайрадан күчөшү мүмкүн деген божомол бар. Бул жолкусу деле биз үчүн жайындагыдай коркунучтуу болушу толук ыктымал. Анткени азыр коронавируска чалдыккандардын саны бир аз төмөндөгөндө эпидемиологиялык эрежелерди такыр эле сактабай калдык. Мындай кайдыгерлик аба аркылуу жуккан оорунун тез тарап, бир убакта көп адамга жугуп кетүүсүн шартташы ыктымал. Дарыгерлер болгон аракетин жумшап, сыгып алма суу болсо да коргонуучу костюмдарын сааттап чечпей улут саламаттыгы үчүн күрөшүп жүрүшөт. Коомчулук да өз ден соолугунун жоопкерчилигин алып, эл көп чогулган жайларда бет кап тагынып, желим кол кап кийип, антисептиктерди колдонуп жүрүшү керек", — деди Чыналиева.
Дарыгер кызматкерлер чогулуп иштеген мекемелерде да күндө скрининг жүрүп турса туура болорун кошумчалады.