БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Балкан аймагындагы өлкөлөрдө жана бүткүл Европада эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы COVID-19га каршы коргонуу чараларын сактабаганга байланыштуу, бийлик көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Белграддагы кеңсесинде айтылганын РИА Новости жазды.
Албания, Босния жана Герцеговина, Словения, Түндүк Македония, Хорватия, Черногория жана Косово сыяктуу бир катар мамлекеттер коронавирусту жуктургандар менен өлгөндөрдүн саны кайрадан өсүп жатканын айтышкан. Аталган мамлекеттерде карантиндик чектөөлөрдүн айрымдары алынып, чек аралары жарым-жартылай ачылган.
Европада COVID-19дан көп адамдын көз жумары айтылууда
"Биз региондордо гана эмес, бүткүл Европа боюнча олуттуу эпидемиологиялык кырдаалга туш болуп жатабыз. Буга бардык мамлекеттер чечкиндүү кадамдарды жасап, баягы эле гигиеналык-санитардык эрежелерди кармануусу керек. Кырдаалдын начарлашына жарандардын талаптарды сактабагандыгы себеп. Бөтөнчө иш-чараларда, эс алууда, стадиондордо, түнкү клубдарда, диний жайларда жана башка массалык чогулуштарда ооруну жуктуруп алып жатышат. Учурда кээ бир мамлекеттер үчүн жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө чоң көйгөй болууда", — деп билдирген эл аралык уюм.
ДССУнун өкүлдөрү мектептерди ачуу дагы абалдын курчушуна түрткү бергенин, бирок балдарга билим берүүдө зарыл кадам болгонун белгилешкен. Ошондой эле окуучулардын арасында ооруну жайылтпаш үчүн чараларды күчөтүүгө чакырган.
Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалымат боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 30 794 731 кишиден коронавирус табылып, анын 957 192си өтүп кетти.