Тайлык мушкер атаандашын бир сокку менен бүк түшүрдү. Видео

Муну менен 27 жаштагы Капитан Петчинди аталган промоушендин эң бат жыйынтыкталган беттешин камсыздап, рекорд жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кечээ ONE Championship мелдешинде тайлык мушкер Капитан Петчинди атаандашын алты секундада нокаутка кетирди. Бул тууралуу Р-спорт жазды. 

Бангкокто ONE Championship промоушенинин эрежесиз эр уруш боюнча кезектеги мелдеши өттү. Анда жеңил салмактагы мушкерлер Капитан Петчинди менен Петчтатонг Петчфергус кезиккен. Беттеште жеңишти камсыз кылуу үчүн Петчиндиге алты секунда жана бир кубаттуу сокку уруу жетиштүү болгон.

Атаандашын оодара тээп, нокаутка түшүргөн мушкер UFC уюмуна чакырылды. Видео

Старттык белги берилип, мушкерлер бири-бирине жакындаганда эле тайлык спортчунун алгачкы соккусу атаандашынын бет тушуна таамай тийип, аны нокаутка кетирген.

Муну менен 27 жаштагы мушкер аталган промоушендин эң бат жыйынтыкталган беттешин камсыздап, рекорд жаратты.

ONE FC уюмунун расмий сайтында айтылгандай, Капитан Петчинди 181 беттешке чыгып, 141 ирет жеңишке жеткен. Эми муай-тай боюнча үч жолку дүйнө чемпиону ONE Championship уюмунун чемпиондук куру үчүн россиялык Алаверди Рамазанов менен чыгары айтылууда.