Россия Кыргызстан менен аба каттамын сентябрда жандантмай болду

Москва – Бишкек, Бишкек – Москва каттамдары жумасына бир ирет аткарылат. Тийиштүү чечим штабдын жыйынында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. – Sputnik. Россия 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантат. Бул тууралуу журналисттерге коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиришкенин РИА Новости жазды.

“Жыйындын жыйынтыгында 21-сентябрдан тарта Кыргызстан (Бишкек), Казакстан (Нур-Султан) жана Беларусь (Минск) менен аба каттамды жандантуу чечими кабыл алынды. Учактар жумасына бир ирет каттап турат”, – деп айтылат маалыматта.

Штабдан ошондой эле 27-сентябрдан тарта Түштүк Кореяга да учактар каттай турганын кошумчалашкан.