БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Акыркы суткада өлкө боюнча COVID-19дан 69 адам айыгып чыкса, 91 киши жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
- Бишкек – 8;
- Ош шаары – 3;
- Чүй облусу – 1;
- Ош облусу – 10;
- Нарын облусу – 2;
- Талас облусу – 6;
- Ысык-Көл облусу – 5;
- Жалал-Абад облусу – 18;
- Баткен облусу – 16.
Жуктургандар:
- Бишкек – 9;
- Чүй облусу – 6;
- Ош облусу – 17;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 12;
- Баткен облусу – 30.
Өткөн суткада медиктердин арасынан тогузу коронавирусту илештирип алган. Алардын төртөө Баткен облусунда, төртөө Ошто, бирөө Жалал-Абадда.Ошол эле учурда 15 медик ооруну жеңип чыкканы айтылды.
Белгилей кетсек, бир сутка ичинде оорудан каза болгон учур катталган жок.
Жалпысынан алганда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 45 335ке жетсе, анын ичинен 41 484ү айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 063 адамдын өмүрүн алган.
Учурда стационарларда 570 бейтап дарыланып жатат. Ошондой эле 1 771 адам амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.