Окумуштуулар коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайткан ыкма табышты

Окумуштуулар иликтөө жүргүзүшүп, көз айнек коронавирус инфекциясын жуктуруп алуудан сактай турганын аныкташты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Көз айнек тагып жүрүү коронавируска кабылуу коркунучун беш эсе төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын Наньчан университетинин окумуштуулары билдиргенин "Известия" жазды.

Адистер көз айнек кол менен көздү бат-бат кармоого жол бербестигин байкашкан. Мындан улам чел кабык аркылуу инфекцияны жуктуруу коркунучу азаят. Көздө ACE-2 рецептору бар, ал аркылуу SARS-CoV-2 коронавирусу организмге кирет. Ошол себептен бейтаптардын болжол менен 12 пайызынын көзү кызарып же шишип кетет.

Көнүп баратат... Коронавирус сезондук оорулардын катарын толукташы ыктымал

Изилдөө көрсөткөндөй, коронавирус жуктургандар арасында көз айнек таккандар башка жарандарга салыштырмалуу 5,4 эсеге аз болгон. Мындан улам иликтөөнүн авторлору COVID-19 көз айнек таккандарга бат жукпайт деген бүтүмгө келишкен.

Окумуштуулар коронавирустан сактанууда колду бат-баттан самындап жуугандан сырткары, көздү коргоого да көңүл бурууга чакырышты.