Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Sputnik

Салттуу билимди аркалаган изилдөөчүлөрдүн, адистердин айтымында, наристелердин кийимдеринин бычылышы жѳнѳкѳй жана окшош болгон. Бала басканга чейин кыз-эркек дебей ороо-чулгоодон сырткары ыңгайлуу, жылуу кийимдерди кийгизишкен. Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Эркек балдардын кийиминде да мончок, тумарлар болгон. Ал өспүрүм куракка келгенде биротоло алынып, тумарлары гана калган.

Сүрөт түрмөгү бир гана кийим тууралуу эмес, андан кыргыздын каадасын, улуттук оюндарын да көрө аласыздар.

1 / 14
Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
2 / 14
Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
3 / 14
Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
4 / 14
Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
5 / 14
Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
6 / 14
Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда "мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун" деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
7 / 14
Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
8 / 14
Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
9 / 14
Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
10 / 14
Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
11 / 14
Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
12 / 14
Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
13 / 14
Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
14 / 14
Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.