Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ош шаарында бардык шарттары каралган тогуз кабаттуу заманбап үйдүн пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Долбоордун өзгөчөлүгү — андагы батирлер тургундарга муниципалдык ипотекалык программа аркылуу сатылат. 

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

"Достук" кичи районунда жайгашчу үйдүн курулушун калаанын муниципалдык ипотекалык ишканасы жүргүзүп жатат. 

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Бул Оштогу аталгандай негизде салынып жаткан экинчи турак жай. Биринчиси Курманжан датка көчөсүндө курулууда. Анда бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер бар.

МИКтин башчысы ипотекага инвестор табуу үчүн элчилерден жардам сурады

Капсула салуу иш-чарасына шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов катышып, үйдө заман талабына жооп берген бардык шарттар болорун айтты.