Көнүп баратат... Коронавирус сезондук оорулардын катарын толукташы ыктымал

Роспотребнадзордун билдиришинче, өлүмдүн глобалдык деңгээлде төмөндөшү вирустун ылаңдаткыч касиетинин күчтүү болбой калгандыгына дагы байланыштуу болушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ааламды дүрбөткөн коронавирус инфекциясы эми жыл сайын кайталанып турган оору болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматына (Роспотребнадзор) таянуу менен РИА Новости жазды.

Ага ылайык, дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7,2 пайыздан 3,2 пайызга чейин төмөндөшү жана илдеттин дагы деле болсо тездик менен тарап жатышы вирустун адамга адаптация болуп баратканынан кабар берет. Мындай көрүнүш улам кайталанып, коронавирус сезондук оору болуп калышы мүмкүндүгү белгиленди.

"Өлүмдүн глобалдык деңгээлде азайышы бир гана медицинадагы жетишкендиктерден кабар бербейт. Вирустун ылаңдаткыч касиетинин төмөндөшүнө дагы байланыштуу болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмония жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныктап, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыяланган.

ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта коронавирусту 30 071 314 киши жуктуруп, аны 944 887и көз жумду.