Долон ашуусунда көмүр ташыган автоунаа оодарылып калды. Видео

Күбөлөрдүн айтымында, автоунаанын тормозу иштен чыгып калып, айдоочу менен жардамчысы жүрүп бара жаткан машинадан секирип түшүүгө мажбур болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Нарын облусундагы Долон ашуусунда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы болгон жерде тартылган видеону "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кадрларда оодарылып калган автонун айланасында көмүр чачылып жатканын көрүүгө болот. Видеонун сүрөттөмөсүндө жазылганына караганда, автоунаанын тормозу иштен чыгып калып, айдоочу менен жардамчысы жүрүп бара жаткан машинадан секирип түшүүгө мажбур болушкан. Учурда экөө тең ооруканада.

Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

ӨКМ жол кырсыгы 17-сентябрь күнү саат 10:00дөр чамасында болгонун айтты. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган. Эки эркек жаракат алып, аларды өтүп бара жаткандар Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен.