Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, эки маселени талкуулап жатат

Жыйында премьер-министр, УКМК төрагасы, баш прокурор жана Финполдун башчысы коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын айтышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, эки маселени талкуулап жатат

Жыйында эки маселе карала турганы айтылат. Биринчиси — укук коргоо органдарынын өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы. Экинчиси — 2021-2024-жылдарга карата КРде коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Биринчи маселе боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыгат.