Эскертүү! Сасык тумоого каршы бекер вакцина калктын 13 пайызына гана жетет

Быйыл эмдөө сентябрь айында эле башталды. Буга коронавирустун экинчи толкуну башталып кетсе, элге оор болуп калат деген жүйө келтирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Сасык тумоого каршы бекер эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызын гана камтыйт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ал 119 663 миң дозадагы биринчи партия региондорго жиберилгенин эскертти. 16-сентябрдан тарта Бишкек менен Чүй облусунда эмдөө башталды. Вакцинация үй-бүлөлүк борборлордо жасалууда. Ошондой эле мобилдик бригадалар дагы тартылды.

Сасык тумоого каршы эмдей турчу жеке клиникалардын тизмеси

Акматова белгилегендей, вакцина өнөкөт оорулары барларга, жашы 65тен өткөндөргө жана карылар үйүндөгүлөргө биринчи кезекте сайылат.

Вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин, үчүнчүсү 27-октябрдан кийин алып келинет.

Быйыл эмдөө сентябрь айында эле башталды. Себеби бийлик коронавирустун экинчи толкуну башталып калса, жарандарга оор болуп калышы ыктымалдыгын эскертти.