Швейцарияга барган кыргызстандыктар 10 күндүк карантинден бошотулмай болду

Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрда кабыл алынган. Эми кыргызстандыктар виза жана башка уруксат документтери менен аталган өлкөгө эркин кире алары белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Швейцарияга барганда коронавируска байланыштуу сөзсүз түрдө 10 күндүк карантинде болуу милдетинен бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Россия өлкөгө кирүү эрежесин өзгөрттү

Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрда кабыл алынган. Анда Кыргызстандын жарандары Швейцарияга киргенде 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылган.

Эми Кыргызстандын жарандары виза жана башка уруксат документтери менен аталган өлкөгө эркин кире алары белгиленди.