Жалда көп кабаттуу үй күйүп жатат. Жалындаган өрттүн видеосу

Күбөлөр Жогорку Жалда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры күйүп жатканын айтышууда. 
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи району жайгашкан Тыналиев көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала алынган маалыматка таянып кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 22:23тө Биринчи май райондук бөлүмдөн бир бригада, саат 22:30да дагы бир бригада тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Ал эми күбөлөр жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн үстү жагы күйүп жатканын айтышууда. Өрттүн видеосу дагы социалдык тармактарга жарыяланды.