Аял-күйөөсүн байлап алып сабашкан... Тоноочулукка шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Иликтөөнүн натыйжасында 22 жана 44 жаштагы шектүүлөр колго түштү. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кечээ, 15-сентябрь күнү, Жалал-Абад облустук милициясы жеке фирмаларга, бизнесмендерге кол салып, тоноп жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аял-күйөөсүн байлап алып сабашкан... Тоноочулукка шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда таңкы саат 4.00дө облустук ооруканадан сузактык 59 жаштагы киши ок жеп түшкөнү кабарланган. Жерине барган милиция кызматкерлери жабырлануучу Бишкек — Ош трассасындагы газ куюучу жайда иштей турганын аныкташкан. Ага белгисиз адамдар келип көзүнө газ баллон чачып, ок чыгарышкан. Бирок айлана-тегерек ызы-чууга түшкөндүктөн станцияны тоной албай качып кетишкен.

Автомат, мылтык жана тапанча табылды. Бишкекте жети киши кармалган видео

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча иш козголгон. Натыйжада шектүүлөр кармалып, алардын Жалал-Абад облусунун аймагында жасалган башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

2020-жылдын 7-августунда болжол менен таңкы саат 03.00дөр чамасында Базар-Коргон районунда жашаган 63 жаштагы ишкердин үйүнө куралчан кишилер кирип келген. Кылмышкерлер үй ээсин, жубайын жана уулун байлап сабап, акча талап кылышкан. Бирок үйдөн чоң сумма таба албай дүкөндөгү 2000 сомдой акчаны алып кетишкен. Бул факты боюнча дагы 202-берене менен иш козголгон.

Иликтөөнүн натыйжасында 22 жаштагы К.Ж. (мурда экстремисттик материалдарды таркатканы үчүн соттолгон), 44 жаштагы Ж.С. (мурда мыйзамсыз негизде курал алып, сактаганы үчүн соттолгон) кармалды. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.