Жоламан Шаршенбеков UWW даңазалаган сальтосунун чоо-жайын айтты. Видео

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси чимирилген керемет абалда топ тепти. Бул көрүнүш 9,5 миң лайк чогултту.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Instagram расмий баракчасына кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун топ тээп ойноп жаткан видеосун жүктөдү.

Жоламан Шаршенбеков 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болуп саналат. Буга чейин ал өспүрүмдөр, жаштар арасында дүйнө чемпионатын уткан.