Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

Карыя чуркап, марага келгенден кийин дарыгерлер кан басымын өлчөп, нормада экендигин жана анча кыйналбагандыгын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дагестандагы Муги айылынын жашоочусу Багама Айгубов беш саат чуркаганда салмагы 9,3 килограммга азайган. Бул туурасында аймактагы Дене тарбия жана спорт министрлигинин социалдык тармактагы баракчасында маалымдалганын РИА Новости жазды.

Мындай сейрек көрүнүштөн улам 66 жаштагы Айгубов рекорд жаратып, Гиннестин китебине катталган.

Шыргалаң суу! Хабибдин эч кимдин оюна келбеген машыгуусу. Видео

"Анын ден соолугун дарыгерлер дыкат текшерип турушту, марага келгенден кийин кан басымын өлчөштү. Түшүп же жогорулап кеткен эмес, рекордчунун абалы жакшы", — деп жазылган маалыматта.

Аталган ведомстводон жөө күлүк пенсионер Дагестандын спорт чебери, бетме-бет таймаш боюнча Россия, Европа жана дүйнөдөгү бир топ мелдештин жеңүүчүсү экендигин билдиришти.