Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

Коңшу өлкөнүн бийлиги авиакаттам жанданганы менен чек ара дагы деле жабык экенин жар салды. Мындан улам Казакстанга унаа менен кирүүгө болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Башка өлкөнүн жарандарына Казакстандын чек арасы аркылуу унаа менен өтүүгө тыюу салынды. Эреже кыргызстандыктарга дагы тийиштүү экенин Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты

Республика Өзбекстан (11-сентябрь) жана Кыргызстан (20-сентябрь) менен авиакаттамын жандантканы жатат. Мындан улам коңшу өлкөгө эми учак аркылуу гана барууга болот. Ал эми жөө же унаа менен кирүүгө уруксат жок.

Эске салсак, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Алматы — Бишкек — Алматы рейси 20-сентябрдан тарта каттап баштайт. Учуулар Air Astana авиакомпаниясы аркылуу шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.