Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда

Алтын казууга лицензия алган компанияга 249,44 гектар жер ижарага берилген, анын 10 гектары токой болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-cен. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтын казган компания мыйзамсыз түрдө арчаларды кыйып жатат деген маалыматты четке какты.

Мындай билдирүү социалдык тармактарда талкууланып жаткан. Деген менен агенттик арчаларды кыюу мыйзамга каршы келбей турганын белгилейт.

"Кен казуу иштери жүрүп жаткан жер тилкеси айыл чарба багытындагы жер категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана ушул сыяктуу багыттагы жер" категориясына которулуп, "Чаарат Заав" компаниясына берилген. Алар Түлкүбаш аймагындагы кенди 2032-жылдын 25-июнуна чейин казууга лицензия алган", — деп билдирди агенттиктин маалымат кызматы.

Кара-Кечеде таш токтобой кулап жатат. Өкмөт өкүлдөрү жерине чыгып кетти

Ижарага берилген жердин жалпы аянты 249,44 гектарды түзөт, анын 10 гектары токой экени айтылат.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан токой чарбанын жоготууларынын суммасы 6 миллион 556 миң 404 сом болору аныкталган. Мындан улам 2019-жылдын 21-ноябрында ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен компанияга өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга уруксат берилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле агенттик өзгөчө баалуу типтеги дарактарды жана бадалдардын кыйылышын Мамлекеттик экотехинспекция көзөмөлдөй турганын кошумчалады.