Кыргызстандык кыз Түркияда сулуулар жарышына катышууда. Сүрөт

Чүрөктөр жарышы өткөн дем алышта башталып, ага ар кыл өлкөлөрдөн 28 кыз биринчилик үчүн ат салышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык модель Дея Султанжанова Түркияда өтүп жаткан Miss Aura International аталышындагы сынакка катышып жаткандыгы мелдештин Instagram баракчасында кабарланды.

Айжаркын кыздардын жарышы Антальяда 13-сентябрда башталган. Кимдин сулуу экени 27-сентябрда белгилүү болот.

18 жаштагы Султанжанова былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагына Чүй облусунан катышкан.

Miss Aura International сынагы жыл сайын өтүүчү музыкалык фестиваль менен бирге болуп, ага дүйнөлүк масштабдагы музыканттар менен диджейлер келет. Быйыл ал иш-чарага Тимати, Светлана Лобода, Monatik, Тина Кароль, Вера Брежнева, "ВиаГра" тобу жана башка атактуулардын катышуусу күтүлүүдө.

Уят болчу! Кыргызстандагы алгачкы сулуулук сынагы кантип өткөн. Видео

Быйылкы сынакка ар кыл өлкөлөрдөн 28 кыз ат салышып жатат. Алардын сүрөтүн шилтеме менен кирип көрүүгө болот.