БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу авиакаттам 20-сентябрда жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, Алматы — Бишкек — Алматы каттамы "Эйр Астана" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолу, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып турмакчы.
Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты
Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен жолугуп, мамлекеттер ортосундагы рейстерди калыбына келтирүүнү кеп кылышкан.