БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Республикалык штаб бала бакчаларды санитардык талаптарды сактоо менен ачууну пландап жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады.
Ал учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборлордун макулдугу менен иштеп жатканын эске салган.
"Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо жана шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, аларды ачуу жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат", — деген Боронов.
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
Өкмөт башчы белгилегендей, учурда атайын колдонмолор менен иш-аракеттердин алгоритми бекитилген. Ошондой эле бала бакчалардын имараттарын дезинфекциялоо иштери башталды.
Мындан сырткары, мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча маалымат ушул айдын аягында айтыларын кошумчалаган.