Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр бири-биринин жарандарын медициналык бирдиктүү полис менен тейлей турган система түзүшү талапка ылайык. Мындай пикирин Медербек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коронавирус учурунда Кыргызстанга алгачкылардан болуп ыкчам жардам көрсөткөн Россия болду. Аталган өлкө бир гана гуманитардык көмөк бербестен, методикалык, тажрыйбалык да колдоосун аяган жок.
Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды
"Пандемия ЕАЭБ мамлекеттери саламаттык сактоо тармагында да тыгыз иш алып барышы керектигин айгинеледи. Мурдагы Советтер Союзундай болбосо да, ошол сыяктуу бирдиктүү системада бул багытта иштер жүрүшү зарыл. Бул үчүн мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандары беш мамлекетте тең бирдей шартта медициналык жактан тейленишин камсыздоо керек. Албетте, бул кадамдарды жасоого убакыт талап кылынат", — деди Исмаилов.
Ал өз кезегинде коронавирустун экинчи толкунуна даярдануу алкагында кыргызстандык медиктердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Россияга жиберүү аракеттери көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.