БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жаңы курулуп жаткан жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын, оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлүмө алам. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер кагаз түрүндөгү отчёттор менен иш жүзүндө жасалган иштер дал келбей жатканына кейиген.
"Бизге берилген отчёттор боюнча бардыгы жакшы. Бирок чындыгында абал башкачараак болууда. Мен ар бир курулган жана профилин өзгөрткөн ооруканага барып, иш жүзүндө кандай иштер аткарылгандыгын көрүп келем. Биринчи кезекте жетишпеген медициналык жабдуулар менен камсыздоо керек. Бул өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген, компьютердик томография, абаны тазалоочу жабдыктар. Алардын сатып алынышын жана туура бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө зарыл", — деди Боронов.
Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж
Мындан сырткары, өкмөт башчы медициналык тез жардам көйгөйүн белгилеп, пандемия күчөгөн маалда Бишкек шаарын болгону 38 тез жардам унаасы тейлегенин айткан.
Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору аркылуу өлкөгө 115тен ашуун тез жардам унаасы алып келинерин маалымдады.