Мектептерге 25 миң компьютер алынып, электрондук окуу материалдары түзүлөт

В школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса
Долбоордун негизги максаты — мугалим менен окуучунун санариптик байланышын чыңдоо. Өлкөдөгү 36 миң педагог квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстан дагы өтмөй болушту.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы 1 200 мектепке 25 200 компьютер жана 1 200 даана функционалдуу жабдыктар, башкача айтканда, сканер, принтер, көчүрүү модулдары берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Демилге Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында ишке ашат. Максаты — мугалим менен окуучунун санариптик байланышын жогорулатуу.

"Ар бир класска 15тен компьютер (эмереги менен), бирден сканер, принтер, көчүрүү модулу коюлат. Ушул эле мектептерде, өзгөчө математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүүгө мүмкүндүк берген алты класс ачылат", — дешти министрликтен.

Мындан тышкары, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда, сегиз педагогикалык колледжде компьютердик класстар ачылат.

Балдарды үйдө окуткан баткендик мугалимге министр ноутбук сатып берди. Сүрөт

"Башталгыч жана орто мектептерде бардык предметтер боюнча электрондук форматтагы окуу материалдары түзүлүп, которулат. Окуу материалдарынын 70 пайызы кыргыз тилинде болот", — деп айтылат маалыматта.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында 36 миң педагог атайын курстан өтөрү кошумчаланды.