БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 15-сентябрга караган түнү саат 00:26да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Кара-Кече кенинде топурак, ташы аралашып жер көчтү. Видео
Жер титирөөнүн эпкини Алай районунун Нура, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилгени айтылды. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.