Жээнбеков Кытайдын министри менен Кыргызстандын карызын талкуулады

Тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендигин билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алып, эки жана көп тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алмашты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков кыргыз-кытай өлкөлөрү ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолгону айтылат. Ошондой эле КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү жана медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

"Мамлекет башчы электрондук соода жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен Кыргызстандын Кытайга болгон карызынын төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Ван И жолугушуу үчүн Жээнбековго ыраазычылык билдирип, Цзиньпиндин саламын айтып, анын билдирүүсүн окуп берди.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Анда эки өлкөнүн мамилеси коронавирус пандемиясындагы сыноолорго туруштук бергендиги, мындан кийин да кызматташтыкты, анын ичинде "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу белгиленген.

Соңунда тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендигин билдиришкен.