БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде таш, топурак аралашкан жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Жер Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында көчкөн. Министрлик өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жол чарба башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаевдин айтымында, кырсыктан улам Кара-Кече көмүр кенине бара турчу жол жабылган. Ошондой эле электр зымдары зыянга учураган.
"Жер көчкү катталган маалда ал жерде Кара-Кечеден көмүр тартууга барган бир нече оор жүк ташуучу автоунаанын ээлери болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган эмес", — деди Токобаев.
Болжол менен 900 миң куб метрди түзгөн жер көчкү Кара-Кече сайын бөгөп калганы кошумчаланды.