Заворотнюктун Instagram баракчасында жаңы сүрөттөр пайда болду

Анастасия Заворотнюктун илдети туурасында коомчулук ноокастагандан бир жылдан кийин билген. Акыркы маалыматтарда актрисанын саламаттыгы жакшырып баратканы айтылып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун Instagram баракчасында жаңы сүрөттөр пайда болду.

Ал күйөөсү Петр Чернышев менен баш кошкон датага арналган.

"Кызымдан биздин үйлөнгөнүбүздүн 12 жылдыгына арналган белек. Жөнөкөй жана эң мыкты чыгармачылык", — деп жазган ал сүрөткө.

Асел Кадырбекованы сүзүп кеткен айдоочуну ырчынын үй-бүлөсү кечирди

12-сентябрда Заворотнюктун Instagram баракчасында күйөөсү Петр Чернышев менен сүрөтү пайда болгон. Түгөйлөр ишембиде баш кошкондугунун 12 жылдыгын белгилеген. Шилтеме "Анастасия Заворотнюкту колдоо" деп аталган аккаунтка алып барат.

Заворотнюктун ооруп калганы боюнча былтыркы жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен артисттин жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң Заворотнюктун ооруп калып дарыланып жатканын билдиришкен. Акыркы маалыматтарда актрисанын саламаттыгы жакшырып баратканы айтылып келет.