Кабылан ресторанга эртең мененки тамак учурунда кирип келди. Африкадагы видео

Түштүк Африкада мейманкана эс алуучулары эртең мененки тамак учурунда ресторанга кирип келген кабыланды видеого тартып алышкан.
Sputnik

Окуя Саби-Санд коругунда болгон. Бул тууралуу РИА Новости Fox News басылмасына таянып кабарлады.

Видеонун автору Эрика Визенин айтымында, ал эртең менен достору менен мейманкананын кире беришинде тамактанып отурган. Бир убакта сырттан кабылан кирип келген. Бирок эс алуучулар коркуп, чочуган эмес. Анткени мейманкана кызматкерлери мындай учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүшкөн.

"Ошол себептен биз корккон жокпуз. Тескерисинче, жаныбызга чейин келген кооз жырткычты карап отурдук", — деген ал.

Эс алуучулар ушул эле жырткычты таңга жуук имараттын алдынан көрүшкөн. Анда кабылан антилопага аңчылык кылып жүргөн.

Видеодо көрүнүп тургандай, кабылан ресторанга кирип ичин кенен-кесири кыдырган. Андан соң тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүп, эс алуучулар, мейманкана кызматкерлеринин жанынан камырабай өткөн. Аягында мейманканадан чыгып, бадал аралап кеткен.