Гармонияда бол! Ислам Каримовдун кызы англис тилинде биринчи китебин чыгарды

Анын айтымында, Be Your Own Harmonist ("Өзүң менен гармонияда бол") деп аталган китепте Каримованын көп жылдык руханий жана илимий изденүүлөрү камтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева англис тилинде алгачкы китебин жазып чыгарды. Бул тууралуу Каримова Instagram баракчасына жазганын Sputnik Өзбекстан билдирди.

Бул эмгек Be Your Own Harmonist ("Өзүң менен гармонияда бол") деп аталат.

"Китеп англис тилинде чыкты. Анда ар бирибизде катылган ички мүмкүнчүлүгүбүз, өзүбүзгө жардам берүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар жазылган", — деп жазган Каримова-Тилляева.

Каримованын айтымында, бул китепте көп жылдык руханий жана илимий изденүүлөр бар. Мындан сырткары, анда гармония жана ден соолукта болуш үчүн кандай тажрыйба керектиги тууралуу маалыматтар камтылган.

Каримова-Тилляева азыркы кыйын кырдаалда китеп көпчүлүктүн керегине жарап, пайдалуу болот деген оюн жазган.