Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Кытайдын атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана өрттөн куткаруу жабдууларын берүүсү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен бүгүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолукту. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Айдарбеков коронавирустук инфекциянын терс таасири макроэкономикага тийип жаткандыктан өлкө бюджетиндеги тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүгө жардамдашууну өтүнгөн. 

Мындан сырткары, тараптар кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулаган.

"Алар COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашпай, аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлордун иштешин алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине да токтолушту", — деп айтылат маалыматта.

"Торугарт", карыз, жардам... Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү

Маектешүү учурунда Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоосу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирген.

"Сапардын алкагында "КРдин ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз жана Кытай өкмөттөрүнүн ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында өрт өчүрүүчү 100 автоунаа, авариялык абалдан куткарган атайын автомобилдик техникаларды жана  өрттөн куткаруу боюнча дагы 15 жабдуу берүү пландалууда", — деп айтылган маалыматта.

Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жанданышына канааттануусун билдирген. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары да белгиленген.