Кошуналар 3-кабаттан кулаган кызды сактап калды. Кытайдагы видео

Тегеректегилер кыздын 3-кабаттан кантип кулап баратканын жана аны кошуналары кантип төшөктү жаза салып сактап калгандыгын көргөн.
Sputnik

Окуя Кытайдын чыгыш тарабындагы Цзиань округунда болгон. Кадрдан кичинекей кыздын алгач текчеге илинип калып, андан соң кулагандыгын көрүүгө болот.

Окуяга күбө болгондор аялдын чаңырган үнүн укканда жардамга келген. Алардын бири төшөк ала чуркаган.

Маалыматта баланын аман-эсен экендиги айтылды.