Конор Макгрегор адепсиз жоругу үчүн камалып, кайра бошотулду

Франциянын Жер Ортолук деңиз курорттук аралынын прокурорлору ирландиялык мушкер бейшемби күнү кечинде камакка алынганын тастыкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. UFC мушкерлер уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор адепсиз жүрүм-туруму үчүн Францияда камакка алынып, кайра бошотулду. Бул тууралуу Daily Mail маалымат булагы жазды.

Анда айтылгандай, мушкер Корсика аралында жүргөн учурда анын үстүнөн 10-сентябрда арыз түшкөн. Конор Макгрегор "сексуалдык зомбулук жана адепсиз көрүнүш" үчүн айыпталып, Корсика полициясынын камагында эки күн отургандан кийин бошотулган.

Франциянын Жер Ортолук деңиз  курорттук аралынын прокурорлору ирландиялык мушкер бейшемби күнү кечинде камакка алынганын тастыкташкан.

"Шектүү камакка алынып, сот органдары тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок ишемби күнү бошотулган", — деп билдирген Бастия прокуратурасынын өкүлү.

Иранда грек-рим күрөшү боюнча чемпион өлүм жазасына тартылды

32 жаштагы Конор Макгрегор UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмактын бириктирилген беттешин жеңип, бир учурда эки салмактын чемпиону болгон. Ал буга чейин карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Деген менен октагонго чыгуу ниетин билдирип, айрым мушкерлерге чакырык таштап келет. Акыркы жолу 2020-жылдын январь айында  Дональд Серроне менен беттешип, аны жеңип алган.

Аталган уюмдун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Петр Ян жакында эле Конор Макгрегорго чакырык таштаган.