БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Франциянын кыз-келиндер футболунда оюнчу таэквондо стилинде атаандашын жыга тепкен окуя катталды. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Чемпионаттагы "Лион" жана "Реймс" клубдарынын беттешинде эсеп 3:0 болуп турган чакта, бийикте турган топ талашка түшөт. Топтун жерге түшөрүн күтүп турган "Реймстин" чабуулчусу Мелиссе Эррераны "Лиондун" коргоочусу Сельма Баша күү менен секирип келип, бет тушуна тээп калат.
Эррера ошол жерден көк майсанга кулап, аны дарыгерлер замбил менен көтөрүп чыгып кетишкен. Ал эми Баша бул орой жоругу үчүн кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген.
Беттеш 3:0 упай менен Лиондун пайдасына аяктаган.
Оюндан кийин Эррера абалы жакшы болуп үйүнө келгенин социалдык тармакка жазган. Дарыгерлер футболчу кыздын өзүнө келип, оюнга чыгууга толук даяр болуусу үчүн убакыт керектигин айтышкан.