Сабак албаптыр. Европада COVID боюнча чектөөгө нааразы болгондор митингге чыкты

Акцияга чыккандар бийлик коронавируска каршы чараларды шылтоолоп, жарандардын эркиндигин чектеп жатканын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Германия жана Польшада бийликтин коронавирус пандемиясына карата киргизген чектөөлөрүнө нааразы болгондордун акциясы уланып жатат. Бул тууралуу Euronews маалымат булагы жазды.

Мюнхен шаарынын көчөлөрүндө үч миңдей демонстрант чогулган. Митингчилердин саны уюштуруучулар мурда белгилеген 500 кишиден ашып, көпчүлүгү бет капсыз болгондуктан полиция акцияны чектеген.

Бишкектеги кинотеатр ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшүүдө

Иш-чаранын катышуучулары бийлик вирусолог адистердин пикирин эске албаганын, коронавирус пандемиясына шылтоолоп жарандардын эркиндигин чектегенин билдиришкен.

Буга окшогон акция Польшанын башкы калаасы Варшавада да болгон. Митингчилер парламенттин жанына чогулуп, андан ары мамлекеттик телеканалга барышкан. Алардын пикиринде, сыналгы пандемия тууралуу жалган маалыматтарды таратат.

Чогулгандар "Калп жетишет, бет кап жетишет!", "Экинчи карантинге жол бербейбиз!", — деп кыйкырышкан. Алар ошондой эле өкмөттү кызматынан кетүүнү талап кылышкан.