БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Иранда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Навил Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазды.
Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн айыптуу деп табылган. Мындан тышкары, спортчу бийликти кулатуу үчүн атайын топторду уюштурган деп күнөөлөнгөн.
Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды
Ага чейин Афкаринин таламын UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамптын да талашканы белгилүү болду. Бирок Иран бийлиги өкүмдү ишке ашырган.