Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

Муратов жаңы романында ак-карасы аралашкан замандагы адамдын татаал тагдырын баяндоо менен карама-каршылыктуу жана гармониялуу көрүнүштөрдү чагылдырган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, публицист жана жазуучу Абдыкерим Муратовдун "Жылдыздар тараган таңдар" деп аталган романы кыргыз окурмандарына тартууланды. Бул туурасында автор кабарлады.

Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

Муратов бул сапар Сулейман Кучуков аттуу тарыхый каарман жана анын мекен, эл алдында өтөгөн кызматы туурасында жазган.

"Оош-кыйыш замандагы адамдын татаал тагдырын баяндоо менен коом жана жеке адам, согуш жана тынчтык, ат жана адам сыяктуу карама-каршылыктуу жана гармониялуу көрүнүштөрдү бир каармандын айланасына топтодум. Тарыхый узак доордун ар тараптуу картинасын көркөм боёктор менен ачып көрсөтүүгө аракет кылдым. Борбордук орунда Биринчи дүйнөлүк согушта падышалык Россиянын аскер чалгынчысы катары таанылган, кийин ак гвардиячылардын катарында Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөшкөн, андан соң кайра Кызыл Армиянын курамында Кара кыргыз атчандар полкун түзгөн Сулейман Кучуков турат", - деген Муратов.

Автордун соңку чыгармасы 2021-жылы жарык көрө турган "Сунулган баш... Суурулган кылыч" романы.