Дары-дармек тууралуу кеп болду. Жекшенкулов ирандык кесиптеши менен жолукту

Тараптар коронавирус инфекциясына байланышкан кырдаалды талкуулап, Жалали пандемия маалында жакындарын жоготкон кыргызстандыктарга көңүл айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-cен. — Sputnik. Кечээ, 11-сентябрда, Кыргызстан менен Ирандын Россиядагы элчилери Аликбек Жекшенкулов менен Казем Жалали жолугушту. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги билдирди.

Жолугушуу Иран тараптын демилгеси менен ишке ашканы белгиленүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашкан.

"Ошондой эле тараптар коронавирус инфекциясына байланышкан кырдаал тууралуу сөз кылышты. Жалали пандемия маалында жакындарын жоготкон кыргызстандыктарга көңүл айтты. Жекшенкулов өз кезегинде Ирандын гуманитардык жардам көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирген. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө үчүн пайдалуу шартта дары-дармек менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Жекшенкулов: Россиядагы мигранттарга 12 млн. сомдон ашуун акча которулду

Мындан тышкары, кыргыз тарап ири экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө, Иранга эт менен айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтүүгө даяр экендигин билдирген.

Ошондой эле тараптар күздөгү Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгын белгилешкен. Мындан тышкары, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилени биргеликте бекемдөөгө даяр экендигин айтышкан.