БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 225,3 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Өткөн жылдын дал ушул мезгилинде, башкача айтканда, жети айда өлкөгө чет жактан 1 миллиард 351 миллион доллар келген болчу.
Белгилей кетсек, жылдын башында акча которуулардын көлөмү кыскарган, бирок июнь, июль айларында кайра былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк каражат жиберишкен.
Кыргызстанда пандемия маалында кредит алгандар менен депозиттердин саны өстү
Жыл башынан берки маалымат (кашаанын ичиндеги 2019-жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөр):
- январь — 148,5 миллион доллар (16,7 миллионго аз)
- февраль — 161,1 миллион доллар (14,3 миллионго аз);
- март — 144 миллион доллар (51,8 миллионго аз);
- апрель — 76,3 миллион (123,8 миллионго аз);
- май — 165,3 миллион доллар (29 миллионго аз);
- июнь — 277,9 миллион доллар (86,3 миллионго көп);
- июль — 248 миллион доллар (23,3 миллионго көп).
Мигранттардын акча которуусу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүнө барабар.