БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кечээтен бери өлкө аймагында 148 адам коронавирустан айыгып чыкса, 67 киши жаңыдан жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ушуну менен COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 44 828 болсо, анын 40 779у айыгып чыкты. Өткөн суткада оорудан каза тапкандар болгон эмес.
Айыгып ооруканадан чыккандар төмөнкү аймакта катталды:
- Бишкек — 77;
- Ош шаары — 1;
- Чүй облусу — 1;
- Ош облусу — 7;
- Нарын облусу — 2;
- Талас облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 18;
- Жалал-Абад облусу — 22;
- Баткен облусу 18.
Түркиялык компания Кыргызстанда ПЦР-тест үчүн лаборатория ачат
Жуктуруп алгандар:
- Бишкек — 20;
- Чүй облусу — 3;
- Ош облусу — 10;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 3;
- Ысык-Көл облусу — 7;
- Жалал-Абад облусу — 14;
- Баткен облусу — 9.
Ушу тапта 517 бейтап стационарда, 2 054 киши амбулатордук дарыланууда.